Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бардык күч-кубатын, мүмкүнчүлүгүн жумшоо, тынбай аракеттенүү, жаны тынбай, тынымсыз катуу иштөө. Кара жанды карч урган Жаркынбай там-таштуу, мал-жандуу, очор-бачар (Бейшеналиев). Мен биякта кара жанды карч уруп, ага акча жөнөтүп турсам (Бердикеев). Жөндөн жөн эле далбастап, кара жанды карчуруп кыйнала бергиле (Медетов). Ошого бир шыпаа болор бекен деп кара жанды карч уруп жүрүп, мобу оокатты тапты эле (Саатов). Кара жанды карч уруп канча күйбөгүн, өгөйдөн убай буйурбайт (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бардык күч-кубатын, мүмкүнчүлүгүн жумшоо, тынбай аракеттенүү, жаны тынбай, тынымсыз катуу иштөө. Кара жанды карч урган Жаркынбай там-таштуу, мал-жандуу, очор-бачар (Бейшеналиев). Кара жанды карч урдук, Атбашы, Нарын бооруна (Казыбек). Мен биякта кара жанды карч уруп ага акча жөнөтүп турсам (Бердикеев). Жөндөн жөн эле далбастап, кара жанды карч уруп кыйнала бергиле (Медетов). Ошого бир шыпаа болор бекен деп кара жанды карч уруп жүрүп, мобу оокатты таптым эле (Саатов). В.: Жанды карч уруу. Жанды карч уруп иштедик («Ала-Тоо»). Жанды карч уруп окуп, акылды байытуу керек (Бейшеналиев). Кара жанын карч уруу. Сүрөтчүлөргө дайыма иш табылат, ар бир мекемеде, ишканада жумуш чыгат, Асек кара жанын карч урду (Борбиев). Куу турмуштун айынан жердин жети түбүнөн ооп келип, кара жанын карч уруп иштеген колу жөндүү адамдар (Бейшеналиев).